• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мээрим Жуманазарова алтын утуп, дүйнө чемпиону болду

8 Тогуздун айы 2021 8:50 Бишкек Govori.TV

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова япониялык Рин Мьядзини алгачкы мүнөттөрдө эле далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Спортчулар 68 килограмм салмакта күч сынашты.

Мээрим дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешинде кореялык Минджи Ханды 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалдык этапта канадалык Оливия Грейс Д. Baccoну 7:1 эсебинде уткан.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасынды) алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов менен Айпери Медет кызы коло медаль багындырды.

Количество просмотров: 106