• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

MegaCom айдоочуларга акция жарыялады

16 Кулжа 2020 14:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-июнда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов жана «Альфа Телеком» компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов бирге кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

«Альфа Телекомдун» директору Акылбек Жамангулов компания коммерциялык максатты көздөбөй турганын айтып, акция өлкөнүн аймагында катталып жаткан жол кырсыктардын санын азайтууга багытталып жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө көптөгөн жол кырсыктары катталып жатат. Буга байланыштуу биздин компания социалдык жардамга да кызыкдар болушубуз керек. Бул идеяны биздин өнөктөштөр дагы колдоду. Натыйжада жакшы жыйынтык берет деп ишенем. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына дагы ыраазычылык билдирем»,-деди Жамангулов.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов статистика боюнча бир күндө Бишкек шаарында 600-1000ге чейин жол эрежесин бузгандар аныктала турганын белгилеп, аталган акция айдоочуларга жол эрежесин бузбай айдаганга стимул болоорун айтат.

Акцияга катышууну каалаган айдоочулар, Google Play жана App Storeдон Mega 24 тиркемесин жүктөп, каттоодон өтсө болот.

Белгилей кетсек, MegaDrive акциясы 16-июндан 15-октябрга чейин уланат. Анда жол эрежесин бузбай унаа башкарган айдоочу топтогон упайлары аркылуу белектерге ээ болот.

Количество просмотров: 87