Билим берүү жана илим министрлиги Мегаком менен тыгыз иш алып барып келет, айта кетүүчү жагдай бул компания тарабынан билим берүү системасына абдан бир керектүү, инновациялык долбоорлор ишке ашып жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Омуров Нурлан Кубатович Мегакомдун 14 жылдык мааракеси менен куттуктап жатып айтты.
«Ошол эле «Санарип сабак», «Санарип мектеп» ошондой эле санариптештирүү боюнча «Акылдуу мектеп» долбоорлору боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Азыркы билим берүү тармагында инновациялык долбоорлордун сунушталышы абдан жакшы. Биз Мегаком менен социалдык жакка багытталган жакшы долбоорлордун үстүндө иш алып баруудабыз жана бул уланат. Дайым эле баардык тармакта таанымал болуп, өздөрүнүн брендин сактап, дайым алдыда болушуна тилектешмин», — деди ал.
Мегаком бир эле билим берүү системасында эмес өлкөбүздүн башка да тармактарында өзүнүн зор салымын кошуп келет. Ошондой сыңаары салымдарын бирин КР ИММ
ЖКККББнын жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Саркулов Ыманалы Кадырбаевич айтып берди.
«Азыркы учурда заманбап технологияларды колдонуу жана санариптештирүүнүн алкагында биздин улуттук уюлдук оператору болгон Мегаком менен биргеликте заманбап технологияларды ишке киргизүү жүрүүдө. Анын алкагында «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун негизинде айып пулдарды онлайн режиминде көрүү жана ошол эле учурда MegaPay аркылуу төлөө системасы иштеп жатат. Муну менен бул уюлдук оператордун колдонуучуларына алда канчалык ыңгайлуу шарт түзүлдү. Санариптештирүүнүн алкагында Мегаком менен ишке ашыра турган дагы долбоорлор бар», — деди Саркулов.
Муну менен катар эле ал Мегаком компаниясынын туулган күнү менен куттуктап, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап өттү.
Белгилей кетсек Мегаком мындан туура 14 жыл мурун 28-апрелде старт алган, бул аларлыкта компания коомчулукта өз ордун таба алды.
Govori.TV мультимедиялык агенттиги Мегаком компаниясын 14 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, дайым байланыш тармагында алдыда болушуна тилектеш.