• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Мегаком” кимге жем боло жаздаган?

22 Бугу 2018 12:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.05.2018. Govori.TV

“Эл аралык кылмышкерлер “Альфа Телеком” (Мегаком) ЖАКсынан ири каражатты чыгарып кетүүгө үлгүрбөй калган. Бул тууралуу Маммүлктү башкаруу Фондусунун башчысы ренат Түлөбердиев ЖКдагы комитет жыйынында айтты.

Анда белгилүү болгондой, аталган компаниянын эсебинен 500 миң доллар каражатты эл аралык каржылык шылуундар атайын схемалар менен чыгарып кетүүгө аракет жасап, бирок, кылмыш алдына-алынып, арам ойлору ишке ашпай калган. “Мен  болгону кылмыштын орун албай калганын айта алам. Алар ушундай байланыш компанияларынан каражат уурдаган эл аралык шылуундар болгон. Азыр бул боюнча, укук коргоо органдары иштеп жатат”,-деди ал.

Эске сала кетсек, “Альфа Телеком”  ЖАКсын өкмөт үч жылдан бери сата албай келет.

Количество просмотров: 14