• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мейманканада сабалган кыздар: «Шератон» окуя боюнча маалымат берди

4 Теке 202517:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мейманканада үч кыз сабалган окуя боюнча Sheraton Bishkek түшүндүрмө таратты. Анда окуя болгон учурда коопсуздук кызматкерлери ыкчам аралашып, тараптардын кагылышынын алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көргөнү жазылган.

«Биз болгон окуяга терең тынчсыздануубузду билдиребиз. Sheraton Bishkek мейманканасы түрдүү зомбулукту — өзгөчө аялдарга карата зомбулукту кескин айыптайт, биздин бардык конокторубуз жана кызматкерлерибиз үчүн коопсуз жана бейпилдик атмосферасын камсыз кылууну өзүнүн негизги милдети деп эсептейт», — деп билдирди мейманкана.

Түшүндүрмөдө мейманкананын видеокөзөмөл камераларынан окуяга байланыштуу бардык кадрлар толугу менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кызматкерлерине берилгени, окуя болгон учурда токтоосуз милиция чакырылганы кошумчаланган.

Эске салсак, буга чейин блогер Алина Жакыпова 30-июнда достору менен «Шератон» мейманканасында ур-токмокко алынганын билдирген. Бул үчүн ал Воиновду, жубайы Зарина Алмасованы жана Заринанын инисин күнөөлөгөн.

Кийинчерээк бул окуяга шектелип бийчи Жан Воинов жана анын кайниси Рустам Алмасов кармалганы кабарланды.

Количество просмотров: 568