Бишкектеги мейманканадагы кыздар сабалган окуяга шек саналып, бийчи Жан Воинов кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Воинов Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча шектелүүдө.
Буга чейин блогер Алина Жакыпова 30-июнда достору менен «Шератон» мейманканасында ур-токмокко алынганын билдирген. Бул үчүн ал Воиновду, жубайы Зарина Алмасованы жана Заринанын инисин күнөөлөгөн. Жакыпова бийчи Воинов ал жерде бычак кармап жүргөнүн, кыздарга кол көтөрүп, аларга болушкан эркек адамды шериктери менен чогуу сабап салганын жазып, коомчулуктан жардам сураган.
Эске салсак, мунун алдында Биринчи Май РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан бейбаштык жана кылмышка шектүү катары Воиновдун кайниси 1994-жылы туулган Р.А. кармалганы маалымдалган.
Жан Воинов белгилүү алып баруучу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын улуу баласы.