• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мектеп директорлорунун бош орундарына конкурс жарыяланды

27 Теке 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 26-июлундагы №1484/1 буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурс жарыялады. Ага төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берген жарандар катыша алат:

  • жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш тажрыйбасы барлар;
  • атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдары үчүн);
  • соттолбогондор;
  • мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укуктары чектелбегендер;
  • жалпы билим берүү уюмдун ишмердүүлүгүн пландаштыруунун жана көзөмөлдөөнүн формаларын уюштуруунун жалпы принциптерин, уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо ыкмаларын жана персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, ички эмгек тартибин, жалпы билим берүү уюмунун администрациялык каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча Конституцияны жана мыйзамдарды билген;
  • билим берүү системаларын башкаруу ыкмаларын, маалыматтык технологиялар жана тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу боюнча көндүмдөрүн, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгондор;

Конкурска катышууну каалаган талапкер конкурстук комиссияга сынак жарыяланган күндөн баштап 10 иш күнү аралыгында төмөндөгү документтерди тапшыруусу керек:

  • белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү жеке арызын (№1 тиркеме) жана сүрөтүн (3×4 см);
  • паспортун;
  • жогорку педагогикалык билими тууралуу дипломун (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн) (тиркемеси менен);
  • эмгек китепчесин (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүүсүн (№2 тиркеме);
  • соттолгондугу (соттолбогондугу) жөнүндө маалым катын;
  • психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосу жоктугу жөнүндө маалым катын.

Талапкер документтердин көчүрмөлөрүн жеке электрондук почтасы аркылуу тиешелүү болгон облустун электрондук дарегине жөнөтөт.

Чүй облусу — [email protected]

Талас облусу —[email protected]

Ош облусу — [email protected]

Ош шаары — [email protected]

Баткен облусу — [email protected]

Нарын облусу — [email protected]

Бишкек шаары — [email protected]

Ысык-Көл облусу — [email protected]

Жалал-Абад облусу — [email protected]

Документтери өз убагында тапшырылбаса же толук берилбесе талапкер сынактан четтетилет. Талапкерден жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.

Документтер он жумушчу күндүн ичинде — 6-августка чейин кабыл алынат .

Количество просмотров: 3218