КР Билим берүү жана илим министрлиги Россия Федерациясынын тармактык тамактануу институтунун колдоосунда, “Мектеп тамак-ашы, келечекке кам көрүү” темасында журналисттер жана блогерлер арасында республикалык сынак өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Сынактын максаты – мектеп окуучуларынын тамак-ашына коомдун, ата-энелердин көңүлүн буруу, маселелерди талкуулоо жана мектеп тамак-ашынын улуттук программасы жөнүндө билимдерди жайылтуу.
Сынак жөнүндө маалымат бул жакта — https://edu.gov.kg/posts/3117/ Google форманы https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfuD9UByjyPGeaBFYdVP6ljN4UN6cPHLG2zIfl-p_j3YHYscg/viewform толтуруп же [email protected] электрондук дарегине материалдарды жиберсеңиз болот.