Бишкектеги №29 мектеп гимназиясында 2021-жылдан бери ата-энелерге класс жетекчиси жок Whatsapp жана телеграм группа ачууга тыюу салынган буйрук иштеп келет. Бул тууралуу документ социалдык тармактарга тарап жатат.
Анда ата-энелердин өз билемдик менен класс жетекчи жок тайпа ачууга тыюу салынганы жазылган.
Аталган мектеп директорунун бул кадамы интернет колдонуучулары тарабынан кескин сынга кабылды.