Билим берүү жана илим министрлигинин “2024-2025-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык, мектептерде күзгү каникул 7 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Каникул 4-ноябрда башталып 10-ноябрда аяктайт. Сабактар 11-ноябрда башталат.