• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Мектеп окуучуларынын массалык мушташынан бир нече бала жабыркаган

19 Бирдин айы 2026 18:02 Бишкек Govori.TV

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 19-февралда жашы жете электердин иштери боюнча инспектор борбор калаадагы мектептердин биринде жогорку класстын окуучуларынын арасында массалык мушташ болгондугу тууралуу маалымат алган.

Жерине милиция кызматкерлери барып, чыр токтотулган. Окуучулардын калайман мушташынан бир нече бала жабыркап, «Тез жардам» чакырылып, жаракат алгандар ооруканага жеткирилген.

Бул факт боюнча Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Ээнбаштык») менен кылмыш ишин козгоду.

Мушташтын катышуучулары ата-энелери менен чогуу окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн райондук милицияга жеткирилген. Айрым ата-энелер милицияга арыз жазышкан.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 290