• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектепке 17 млн. китеп керек. Табылаар бекен?

26 Баш оона 202416:07 Бишкек Govori.TV


Кыргызстан боюнча мектеп окуучуларын окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 миллион китеп керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев айтты.

Касымалиевдин белгилешинче, кыргыз жана орус тилдеринде окуткан мектептерге 129 аталыштагы окуу китеби, өзбек жана тажик тилдеринде окуткан мектептерге 147 аталыштагы окуу китептери талап кылынат.

Маалыматка ылайык, 2012-2022-жылдарда окуучулардын саны 435 миң 414 балага өсүп, жалпы 1 миллион 717 болгон.

Азыркы тапта, мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда 11 миллион 816 миң 255 окуу китеби бар. Бул жалпы китепке болгон муктаждыктын 68,5% канааттандырат.

Количество просмотров: 129