Ноокат районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан «Көк-Жар инновациялык орто мектебинин» 10-классынын окуучусунун апасы социалдык тармактар аркылуу бийликке кайрылып, кызы сабалган окуяны териштирүүнү өтүндү.
Ал 2024-жылдын 19-декабрь күнү Малика аттуу кызын классташ кызы сабак учурунда сабап, мурдун сындырып койгонун, кызы ооруканада мурдуна операция жасатканын айткан.
Бул окуя боюнча Ноокат райондук билим берүү бөлүмү комментарий берип, окуя 2024-жылдын 19-декабрында болгонун, мектеп жетекчилиги тарабынан бул окуяга жол берген тиешелүү мугалимдерге тартиптик чара катары «эскертүү», «сөгүш» берилгенин маалымадашты.
«Анда «Көк-Жар» инновациялык гимназия билим берүү комплексинин 10-б классынын окуучулары «М. А.» менен «З. К.» пикир келишпестиктен уруша кетишип, «З. К.» «М. А.нын» денесине залал келтирген. Анын негизинде кыздын ата-энеси Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө, Ноокат райондук прокуратурасына арыз менен кайрылып, аталган органдар тарабынан тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлгөн. Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тарабынан өз учурунда окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Ал эми Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тарабынан аталган мектептин директоруна, окуу бөлүм башчысына, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарына «сөгүш» берилген жана бул мектеп райондук билим берүү бөлүмү тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган. Билим берүү бөлүмү өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук прокуратура кызматкерлери менен биргеликте мектептерде жыйындар 2024-жылдын ноябрь айынан бери үзгүлтүксүз өтүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.