Москва облусунун Одинцово районундагы орто мектептин 10 жаштагы окуучусу, Тажикстандын жараны Кобилжон Алиев мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Кылмышка ошол эле окуу жайдын жогорку класстын окуучусу шектелүүдө. Расмий Дүйшөмбү Москвага нота жөнөтүп, окуяны кылдат иликтөөнү талап кылды.
4-класстын окуучусу Кобилжон 16-декабрдын таңында жүздөгөн балдар сыяктуу эле сабакка келген. Бирок ал күнү үйүнө кайтпай турганын билген эмес.
Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, 15 жаштагы жогорку класстын окуучусу Тимофей К. мектеп имаратына бычак жана жаш агызуучу газ баллонун алып кирген.
Кол салуу болгон күнү ал «No Lives Matter» [Эч кимдин өмүрү маанилүү эмеc] деген жазуусу бар футболка кийип жүргөн. Бул интернеттеги зомбулукту жайылткан уюмдун урааны.
Өспүрүм бардык аракеттерин камерага тартып турган. Телеграм-каналдар жана айрым орусиялык маалымат каражаттары 15 мүнөттүк видеону жарыялашкан. Анда шектүү кол салууга мектептин дааратканасында даярданып, ошол жерге жардыруучу заттын муляжын калтырганы көрүнөт.
Андан соң ал «чачы кара» мугалимдердин бирин издеп, класстарды кыдырган. Кийинчерээк ал мугалим менен бирге турган балдардын тобуна туш болот.
Социалдык тармактарда тараган видеолордон колуна бычак кармаган окуучу аларга жакындап келип: «Кайсы улуттансыңар?» — деп сураганы угулат.
Булак: Азаттык.