Бишкек мэриясы 2021-жылдын титулдук тизмесине ылайык мектептер менен бала бакчаларды иретке келтирүүдө.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, капиталдык курулуш башкармалыгы билим берүү башкармалыгынын билдирмеси боюнча, билим берүү мекемелеринде оңдоо иштерине тендер жарыялайт.
-№131 бала бакчасында — электр монтаждоо иштери жүргүзүлүп, полдору оңдолот;
-№185 бала бакчасында — терезе блокторун алмаштыруу керек,
-№26 бала бакчанын — санитардык түйүндөр бөлмөлөрүндө полдорду капиталдык оңдоо талап кылынат;
-№135 бала бакчасында — чатыры оңдолот;
-№50 мектеби — жумшак рубероид чатыры оңдоону талап кылат;
-№72 мектеби — ички жылуулук тутуму оңдолот;
-№2 мектеби — канализация жана суу менен камсыздоо тутумун оңдоо пландалууда.
“Капиталдык ондоого каражат шаардык бюджеттен каралган”, — деп айтылат маалыматта.
Тендерлер боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg