• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мелис Турганбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн арактын сүрөтү талкууга түштү

11 Жетинин айы 2019 15:35 Бишкек Govori.TV

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн алкоголдук ичимдиктин сүрөтү социалдык тармакка жарыяланып, буга көпчүлүк нааразы болуп, сындар айтылды.

Социалдык тармактын колдонуучулары, спорт менен ичимдикти аралыштырбай эле коюшса болмок деген пикирлерин да калтырышкан.

Эске салсак, Мелис Турганбаев 11-октябрда эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болгон.

Количество просмотров: 1045