• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Мэрия калаада митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эскертти

2 Бештин айы 2023 19:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы калаанын Октябрь районунун аймагында тынч жыйындарды жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганын эскертти.

Бишкек шаарынын Октябрь районунда жарандардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана мүмкүн болуучу массалык баш аламандыктарды алдын алуу максатында 2023-жылдын 24-августунан 31-декабрына чейин бардык түрдөгү тынч жыйындарды, митингдерди, пикеттерди жана жүрүштөрдү өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.

Бул чаралар муниципалдык администрациянын 2023-жылдын 23-августундагы № 218-р буйругунун жана Октябрь сотунун 2023-жылдын 25-августундагы № ЖИ-4718/23.Б2 токтомунун негизинде КРнын «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамынын 14-15 беренелерине ылайык көрүлгөн.

«Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларга, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ИИБнын №27 мекемесинин (СИЗО-1), Бишкек шаарынын мэриясынын, Октябрь райондук сотунун, Октябрь райондук прокуратурасынын, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын, билим берүү жана медициналык мекемелердин имараттарынын жанында, базарлардын жана соода комплекстеринин аймактарында, «Д. Асанов», «Ынтымак- 1», «Ынтымак -2», «Адинай», «Кыргызстан жана Азербайджан достугу» «Ата-Түрк» атындагы сейил бактарында тыюу салынат.Социалдык түйүндөрдө белгилүү бир маршрут боюнча автожүрүш тууралуу маалымат таратылууда. Өз кезегинде муниципалитет жогоруда аталган иш-чара тууралуу расмий билдирүү албаганын белгилей биз. Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды коомдук тартипти сактоого жана КР мыйзамын бузбоого чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 104