• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Мэрия: «Золотой Дракондун» жанындагы жерди мыйзамсыз басып алышкан

1 Баш оона 202313:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Медеров көчөсүнүн боюндагы «Золотой Дракон» ресторанынын жанындагы муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жерине мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын начальниги, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барды.

«Курулуш максатында «SAN and COMPANY» ЖЧКсынын участкасынын ижарачылары муниципалдык аймакка чыгып, тротуарга чуңкур казып салышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында эреже бузгандарга тротуарды кайра төшөө (жаңылоо) милдеттендирилди. «Бишкекбашкыархитектура» МИ тарабынан бардык уруксат кагаздары жокко чыгарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин чегинде кылмыш ишин козгоо, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселени карап чыгат. Ошондой эле, бул иштердин жүрүшүн Бишкек шаарынын архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча шаардык башкармалыгы өз көзөмөлүнө алат.

Количество просмотров: 145