• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр болду

13 Бугу 202417:30 Бишкек Govori.TV

Айтакунов Кубанычбек Маратбекович Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун башчысын дайындоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 2 «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгы менен белгиленген мамлекеттик кадр саясатынын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын ички кадрдык резервинен жүргүзүлдү.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

Количество просмотров: 156