• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Миңдеген киши. Бишкекте балдар күнү башкача белгиленди (сүрөт)

2 Кулжа 202311:20 Бишкек Govori.TV

Быйыл Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнү өзгөчө белгиленди.

Балдарга жана ата-энелерине этнооюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнир, көркөм искусство боюнча мастер-класстар, цирк, аквагрим, ыр, бий жана сүрөт боюнча сынактар тартууланды.

Балдардын III Эл аралык «Наристе» фольклордук фестивалынын катышуучуларынын түстүү парады Чүй проспектиси менен аянтка чейин өттү.

Программанын өзгөчөлүгү балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган DBillions музыкалык тобунун аткаруусу болду. Ага миңдеген жарандар келгенин көрүүгө болот.

Количество просмотров: 135