• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Фоторепортаж — «Манас эпосунун күнү” белгиленди

4 Бештин айы 2018 19:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.12.2018.Govori.TV
Бүгүн, 4- декабрь күнү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында “Манас эпосунун күнү” белгиленди
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Иш — чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ачып, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун куттуктоосун Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Кыргыз Республикасынын Премьер- министри М. Д. Абылгазиевдин куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Ɵмүрбекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А. Жумабековдун куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Аппарат Жетекчиси Саматбек Ибраевдер жалпы катышуучуларга окуду.
Иш -чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Ɵмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталарын жана энчилүү сааттарын бир катар манасчыларга тапшырып, салтанат театралдаштырылган маданий программа жана концерт менен коштолду.

«Манас» эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине Кыргызстандын атынан катталган . Мындай чечимди дал ушул күнү 4- декабрда Баку шаарында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин VIII жыйынында 24 мамлекеттен турган комитеттин мүчөлөрү кабыл алгандыгы тууралуу маалыматтар айтылды.

Бүгүнкү күндө, материалдык эмес маданий мурасты сактоо жана андан ары изилдөө Кыргыз Республикасынын элдеринин руханий кайра жаралышына жана андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү, ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу жана муундардын жолун жолдоочулугу, өз алдынчалыкты, улуттук жана тарыхый каада-салттарынын жана өзгөчөлүгүн сактоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги милдеттеринен болуп эсептелет.
Количество просмотров: 24