• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жогорку окуу жайга тапшыруунун босого баллы белгиленди

13 Теке 2022 16:43 Бишкек Govori.TV

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы белгиленди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана   келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы  — 115, предметтик тест — 60 болуп бекиди.

Педагогика багыттарына келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110, предметтик тест – 60 балл.

I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест -105, келишим боюнча акы төлөнүүчү  окутуунун бардык формаларына негизги тест -100 балл болуп бекитилди.

Эскерте кетсек, жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларынын конкурсуна босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

Количество просмотров: 218