16-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
Комитеттин төрайымы Винера Раимбачаеванын айтымында, депутаттардан абдан көп сунуштар түшкөн.
Раимбачаева билдиргендей, Айбек Маткеримов, Илимбек Кубанычбеков, Эрнис Айдаралиев жана Советбек Рустамбек уулу 8-берененин 2-пунктуна 3-пунктту киргизүүнү сунуштап, ага ылайык, чет өлкөлүк жаран, жарандыгы жок адам же чет өлкөлүк юридикалык жак, ошондой эле 35%дан ашык чет өлкөлүк катышкан компаниялар жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучусу боло албайт.
Алар ошондой эле төмөнкүлөрдү алып салууну сунушташты:
9-берененин 3-пункту, ага ылайык Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк катышкан юридикалык жак жана өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан, уставдык капиталында чет өлкөлүк салымдын үлүшү 50% жана андан ашык болгон ар кандай чет өлкөлүк юридикалык жак телекөрсөтүү уюмдарынын уюштуруучулары боло албайт;
13-статьянын 2-пунктуна ылайык, интернет-басылма, аудио, видео жана кинохроника Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ыктыярдуу түрдө жалпыга маалымдоо каражаттары катары каттоодон өтүүгө укуктуу.
Ошондой эле депутаттар 13-берененин 3-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүүнү сунушташты: “Массалык маалымат каражаты жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын юстиция органдары тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып маалымат таратууга укуктуу”.
Мындан тышкары, 13-беренени 6-пункт менен толуктоону сунушташты, ага ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу министрлер кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана баш тартуу тартибин Министрлер кабинети белгилей турганы көрсөтүлгөн. Мурдагы долбоордогу “менчик ээси” деген сөздөр “уюштуруучу” деп өзгөртүлө турган болду.
9-беренедеги 1-бөлүк (“Кандай болбосун уюштуруу-укуктук формадагы жеке жак же юридикалык жак жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусу боло алат”) алынып салынды.
Дастан Бекешев майыптыгы бар адамдарды басмырлаган маалыматты жайылтууга тыюу салууну сунуштаган. Мурдагы долбоордо жарандар коргоо жана улуттук коопсуздук органдарынан башка мамлекеттик, муниципалдык жана башка уюмдардан, мекемелерден редакциялардын суроо-талабы аркылуу маалымат алууга укуктуу экени жазылган. Бекешевдин сунушунда бул тизмеге улуттук коопсуздук жана коргоо органдарын да кошуу көрсөтүлгөн.
Депутат Илимбек Кубанычбеков мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда бир кароо боюнча беш фракциянын чечими бар экенин белгилеп, депутаттар эки окууда тең кабыл алды.