• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку соттун төрагасы ЖМК менен ачык иштөө ниетин билдирди

1 Чын куран 202614:51 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, сот системасында ачыктыкты жогорулатуу багытындагы жаңы кадамдар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, өлкөдө сот отурумдарын онлайн көрсөтүү механизми киргизиле баштады. Бул система борбор калаада гана эмес, аймактардагы сот процесстерин да камтыйт.

«Ачыктыкты камсыз кылуу үчүн сот отурумдарын онлайн көрсөтүү киргизилди. Бул система региондордогу сот отурумдарды да камтыйт», — деди Медербек Сатыев.

Мындан тышкары, жарандардын кайрылууларын санарип форматка өткөрүү иштери жүрүп жатат. Эми жарандар арыз-даттанууларын алыстан туруп эле жөнөтө алышат.

«Жарандардын кайрылуулары да санариптештирилип жатат. Алар эми сотко барбай эле, онлайн түрдө кайрылуу бере алышат», — деп белгиледи ал.

Ошол эле учурда жолугушууда сот процесстерин чагылдыруудагы чектөөлөр маселеси көтөрүлдү. «ГовориТВ» мультимедиалык агенттигинин жетекчиси Кайыргүл Урумканова соттор көп учурда видеого тартууга уруксат бербей жатканын айтты.

«Көп учурда соттор видеого тартууга уруксат бербейт, аудио гана уруксат берилет. Эгер видеого да уруксат берилсе, биз соттун позициясын да толук чагылдыра алмакпыз. Азыр көбүнчө сот бүткөндөн кийин адвокаттар гана сүйлөп, сот тарап комментарий бербей калууда», — деди ал.

Бул маселеге жооп берип жатып, Жогорку соттун төрагасы видео тартуу маселеси мыйзамдык чектөөлөргө байланыштуу экенин белгиледи.

«Бул маселе бар. Бирок сот отурумунда видеого тартуу үчүн эки тараптын тең макулдугу керек. Эгер бир тарап каршы болсо, анда уруксат берилбейт. Андан тышкары сотто коомчулукка жарыяланбай турган маселелер да каралат», — деди Сатыев.

Ал ошондой эле судьялардын комментарий бербеши мыйзам менен жөнгө салынарын кошумчалады.

«Судьялар ар бир иш боюнча комментарий бере албайт — бул мыйзамда каралган. Бирок бул маселени онлайн көрсөтүүлөр белгилүү деңгээлде чечет деп эсептейбиз», — деди ал.

Өз кезегинде Жогорку соттун судьясы Нурлан Мусаев айрым учурларда аудио жаздырууга уруксат талап кылынбасын эске салды.

«Сот отурумунда аудио жаздырууну уруксатсыз эле жүргүзсө болот. Ошондой эле соттун өкүмүн тартууга уруксат берилет», — деп билдирди ал.

Жолугушууда айтылгандай, сот системасын санариптештирүү жана онлайн форматтарды киргизүү ачыктыкты жогорулатууга багытталган. Бирок медианын сот процесстерин толук кандуу чагылдыруусу үчүн айрым укуктук жана практикалык маселелер дагы эле чечүүнү талап кылууда.

Количество просмотров: 166