Бишкек.18.09.2018.Govori.TV.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында милициянын кызматкери 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Балыкчы ИИБнин тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты 16-сентябрда “Пара алуу” беренеси боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, кармалган милиция кызматкери козголгон кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн жарандан акча талап кылган.
Учурда шектүү кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Азыр иликтөө жүрүүдө.