Бишкек шаарында милиция кызматкерлери жабык жеке иш-чараларды уюштурууга бөгөт коюшту. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
«Коомдун руханий-адептик баалуулуктарын коргоо, жаштардын моралдык бузулушуна жол бербөө, ошондой эле жарандарды, анын ичинде жаштарды, укукка каршы аракеттерге тартуунун алдын алуу максатында Бишкек шаарынын укук коргоо органдары тарабынан профилактикалык жана ыкчам-издөө иш-чаралары системалуу түрдө жүргүзүлүүдө. Өзгөчө көңүл адеп-ахлакка каршы жана тыюу салынган контентти таратуу фактыларын аныктоого, ошондой эле өсүп келе жаткан муундун адептик багыттарын калыптандырууга терс таасирин тийгизген адамдардын жана мекемелердин ишин токтотууга бурулууда. Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 2026-жылдын 6-январында милиция кызматкерлерине борбор калаанын аймагында бир топ адамдар жабык жеке кечелерди уюштуруп, андан кийин фото жана видео материалдарды «Instagram» социалдык тармагында, ошондой эле Telegram каналдарынын биринде ачык жайгаштырып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн», — деп жазылат маалыматта.
Бул факт Бишкек шаарынын ИИББнын маалыматтык электрондук журналына катталган.
Буга байланыштуу 2002-жылы туулган Т.И., 1996-жылы туулган И.А., 2001-жылы туулган О.Г., 1999-жылы туулган Р.Д. жана 2001-жылы туулган Ж.А. аттуу жарандарга карата Укук бузуулар кодексинин 109- беренеси (Порнографиялык мүнөздөгү предметтерди таратуу) боюнча протокол түзүлдү.
Алардын ар бирине 10 миң сомдон айып салынды. Ошондой эле мындай кечелер өткөрүлгөн жайлар жабылды. Ээлерине карата да Укук бузуулар кодексинин 109-беренеси боюнча протокол түзүлдү