• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Милиция кыздардын мушташы боюнча кылмыш ишин козгоду

11 Теке 2023 10:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында кыздардын мушташынан кийин бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден кабарлашты.

Аталган факты Биринчи Май РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, жарандын денесинен алган жаракаттары «ден соолукка жеңил залал келтирүү» деп табылды.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, алар райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилип, келүү убадасы менен бошотулган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, жыйынтыгына тиешеси бар адамдарга юридикалык баа берилет»,— деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 10-июлда социалдык тармактарда Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 кыздын 1 кызга кол салганы тартылган видео тараган.

Количество просмотров: 115