• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Милиция кызматкерлеринин кенемтеси эмне себептен кечикти?

23 Кулжа 2020 16:06 Бишкек Govori.TV

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бүгүн, 23-июнда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине төлөнүүчү кенемте тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, мугалимдерге эмгек өргүүнүн акысы техникалык себептен улам кечигип жатат.

«Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдеринде жумушка тартылган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине акы төлөөдө бир катар техникалык жана уюштуруу процедуралары каралып, тизмелер жана сумманын өлчөмү такталган. Бардык процедуралар аяктап, Финансы министрлиги Өкмөттүн тескемеси менен төлөнүүчү акыларды бере баштайт»,-деди Жээнбаева.

Эске салсак, буга чейин социалдык түйүндөрдө 15-июндан тартып Бишкектин төрт районунун милиция кызматкерлери жумушка чыкпайт деген маалымат тараган. Буга өзгөчө абал режиминде иштеген күч кызматкерлерине кошумча төлөм берилбей жатканы негиз болгону белгиленген. Бул маалыматты шаардык милиция четке каккан.

Количество просмотров: 93