• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Финансы министрлиги: Милиция кызматкерлерине төлөнчү кенемте боюнча өкмөт чечим кабыл алат

15 Кулжа 2020 16:12 Бишкек Govori.TV

Өкмөт жакынкы күндөрү милиция кызматкерлерине төлөнүүчү компенсациялар боюнча чечим кабыл алат. Бул тууралуу бүгүн, 15-июндагы маалымат жыйында финансы министринин орун басары Марлен Амандыков билдирди.

«Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери боюнча учурда эсеп-чот такталып, жакынкы арада өкмөт бул акчаны төлөп берүү боюнча чечим кабыл алат. Акча берилет», — деди Амандыков.

Эске салсак, буга чейин социалдык түйүндөрдө 15-июндан тартып Бишкектин төрт районунун милиция кызматкерлери жумушка чыкпайт деген маалымат тараган. Буга өзгөчө абал режиминде иштеген күч кызматкерлерине кошумча төлөм берилбей жатканы негиз болгону белгиленген. Бул маалыматты шаардык милиция четке каккан.

Количество просмотров: 57