• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Милиция Т. Куренов менен байланышы бар эки адам кармалганын билдирди

14 Чын куран 202510:23 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен байланышып, Кыргызстанда массалык баш аламандык уюштурууга шек саналган эки адам кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригип, Чүй облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында массалык баш аламандыктарды, нааразылык акцияларды өткөрүүгө дардык көрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 47 жаштагы тургуну (С.Ф.) кармалды. Андан тышкары Ош облусунун Кара-Суу районунун 27 жаштагы (М.О. аял киши) жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага “кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каражатты легалдаштырууга, банктык операцияларды жүргүзүүгө жардам берген жана Тилекмат Кудайберген уулунун, башка адамдардын чагымчыл видеолорун социалдык тармактарда фейк аккаунттар менен жайылткан” деген айып тагылууда.

Количество просмотров: 431