Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу 1 жыл 6 айга камалды. Бул тууралуу чечимди бүгүн Свердлов райондук соту кабыл алган.
Тилекмат Кудайберген уулу Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча айыпталууда.
Укук коргоо органдары анын «Фейсбуктагы» баракчасындагы билдирүүсүндө «бийликти кулатууга чакырыктар бар» деп тапкан жана активист 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.
Бишкек шаардык соту Кудайберген уулунун бөгөт чарасын 26-апрелде карап, үй камагына чыгарган.
Тилекмат Кудайберген уулу президент Садыр Жапаровдун саясатын сындап келет. Ал «Жетим-Тоону коргоо» кыймылын жетектеген, «Ханституцияга каршы» борборунда мүчө болгон. .