• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Милиция Улукбек Карыбек уулунун кармалышы боюнча маалымат таратты

15 Теке 2023 12:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июлда Ош ШИИБ блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышы боюнча маалымат таратты.

2023-жылдын 7-июлунда саат 14:35те Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайма-Тоо милиция бөлүмүнө, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери А.Асанова кабар берип, анда белгисиз журналистер келип, төрөт үйүндө уруксатысыз видео-тасмага тартып жумушуна тоскоолдук кылып жаткандыгын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган билдирүү ошол эле күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, ал жерде блогер журналист Карыбек уулу Улукбек жүргөндүгүн, аны төрөт үйүнүн кызматкерлери төрөт үйүнө киргизбей койгондугу аныкталып, ыкчам-тергөө тобу тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Андан кийин ошол эле күнү саат 19:30-20:00 чамасында, блогер журналист У.Карыбек уулу өзүнүн 2 шериги менен төрөт үйүнүн арткы эшигин бузуп, эч кимдин уруксаты жок, санитардык нормаларды сакташпай, тактап айтканда бахила, маска, халат кийбей төрөт үйүнүн кайра жандандыруу бөлүмүнө кирип келген учурда, дарыгерлер санитардык нормаларды сактабагандыгын эскертишип, кирүүгө мүмкүн эместигин айтышканда, алардын талабына баш ийбестен дарыгер Жабар уулу Эрмектин колун кайрып, экинчи дарыгер Джумабекова Аксананы түртүп жибергенде, ал башы менен дубалга тийип, алардын талабына баш ийбестен каршылык көрсөтүп, төрөт бөлүмүнүн экинчи кабатынын эшигин бузуп, төрөттөн кийинки жаткан Ж.Д.дан интервью алып, андан соң төрөт үйүнүн ар бир палатасына кирип, ал жерде төрөттөн кийинки жаткан 10дөй адамдан интервью алгандыгы аныкталган. Натыйжада, Ош облустуе бириккен клиникалык төрөт үйүнө 36 996 сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын дарыгерлери Э.Д.Ж.уулу жана А.Д.дын денелерине келтирилген жаракаттарынын аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Ош областар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында төрөттөн кийин жатышкан 20 бейтап, төрөт стационарынын башкы дарыгери А.Асановага кайрылуу жасашып, анда блогер Карыбек уулу Улукбек төрөт үйүнө санитардык нормаларды сактабай мыйзамсыз бастырып киришип, уруксатсыз эле тасмага тартып, ар кандай суроолорду берип, бейтаптардын тынчын алышкандыгын жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга жугуштуу оорулар жугуп калышы ыктымал экендигин билдиришкен.

Азыркы учурда Улукбек Карыбек уулу Ош шаардык тергөө кызматына жогоруда айтылган материалдардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) белгилери менен кылмыш иши козголуп, У. К. Уулуна алгачкы сурак иштери жүргүзүлүп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 158