• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Таксист ыдык көрсөттү деп ыйлаган жаш кыздын видеосу тарады. Ош ШИИБ маалымат тартты

2 Тогуздун айы 2023 15:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-октябрда фейсбук социалдык түйүндө Ош ШИИБнын имаратынын алдында ыйлап жаткан кыздын видеосун жарыялаган. Видеодо жаш кыз милиция кызматкерлерине нааразычылыктарын айтып, кабыл албай койгондугун билдирген. Ош милициясы окуя тууралуу маалымат таратып, төмөндөгүлөргө токтолду:

«1-октябрынан 2-октябрына караган туну Ош ШИИБне арыз менен Ош шаарында туруктуу жашаган жери жок, Жалал-Абад облусунун тургуну 2006-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, аны Ош шаарында таксист телефонун тартып алып, сексуалдык ыдык көрсөткөндүгүн айтып арызданган. Ал арызы Ош ШИИБинин электрондук маалымат журналына катталган. Ыкчам-тергөө тобу тарабынан такси кызматын көрсөткөн айдоочу жана кубө алынып келинип, суралган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө телефон кыздын сумкасынан чыккан жана кызга акча каражаты зарыл болгондугу аныкталган. Тергөө кызматынан чыккан соӊ,арыздануучу кыз Ош ШИИБнин имаратында «мени милиция кызматкердери кабыл албай жатат» деген мазмунда башка жаранга ыйлап айтып берген. Бул кыздын арызы боюнча ар тараптуу тергөө иштери уланууда. Такси кызматындагы жарандын, арыздануучу кыздын жана күбөлөрдүн берген маалыматтары ар тараптуу текшерилет. Социалдык жактан коргоо кызматтары менен биргеликте дагы иш алынып барылат.

Арыздануучу И.А., 2006-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну. Мурда бир нече ирет Ош облусунун жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ар кандай жарандардын үстүнөн арыз менен кайрылган, арыздары боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Ош ШИИБнын жашы жетелектер менен иштөө инспекторлору тарабынан рейд учурунда кармалып, бир нече ирет социалдык коргоо кызматына өткөрулүп берилген», — деп жазылат милициянын маалыматында.

Эске салсак, социалдык тармакка милициянын имаратынын алдында өспүрүм кыздын ыйлап отурган видеосу тараган. Анда өспүрүм кыз таксист сексуалдык ыдык көрсөткөнүн, мындан улам ал милицияга барса, арызын кабыл албай жатканын айткан.

Количество просмотров: 454