• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Блогер Улукбек Карыбек уулу 48 саатка камалды

15 Теке 2023 10:48 Бишкек Govori.TV

Улукбек Карыбек уулу 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жазылды.

Маалым болгондой, 14-июлдун кечинде милиция Улукбек Карыбек уулун кармап, Ош шаарына алып кеткен.

Маалыматтарга караганда, Улукбек Карыбек уулуна бейбаштык боюнча иш козголду. Укук коргоо органдары расмий маалымат бере элек.

Карыбек уулу буга чейин «Ош облустук оңолбос төрөт үйү» аталышында материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары айтылган.

Количество просмотров: 203