• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Министр Бейшеналиев баласынын коттежиндеги өрт тууралуу үн катты

7 Бирдин айы 2022 16:04 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөгү Чок-Тал айылындагы «Париж» пансионатында өрт чыгып, 300 чарчы метр коттеж күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-февралдын таңында кабарлаган.

Маалым болгондой, күйүп кеткен пансионат Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна таандык.

Ал эми министр өрттүн себебин билбей турганын «Азаттыкка» билдирген.

«Ал жерде эч ким жок болчу. Өрттөсө өрттөп кеткендир. Аны трагедия кылып эмне кылабыз. Чыгым бир топ эле болду. Балким 100 миң доллардын котеджи болгондур», — деген Бейшеналиев..

Учурда өрттүн себеби жана чыгымдары эсептелип жатканы айтылды.

Количество просмотров: 3661