• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Министр: Кыргызстанда коронавирус менен учурда 6,4 миң адам ооруп жатат

19 Үчтүн айы 202215:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус менен учурда 6 миң 403 адам ооруп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, ооруканаларда дары-дармектин жана жеке коргонуучу каражаттардын жетиштүү кору бар.

“15 күндөн бери коронавирустун жаңы толкуну жүрүүдө. Бир суткада 500-900 адам ооруп, 1-3 жаран каза болууда. Өлкө аймагындагы 6 миң 403 адамдын ичинен 1 миң 20сы стационарда дарыланып жатат”, — деди ал.

Количество просмотров: 109