Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева менен Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаардагы №83 мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими, окуучусу сабагандан кийин ооруканада жаткан Болатхан Карибжановдон кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
“Мэр менен министрдин жолугушуусунда окуучулар арасындагы агрессияны азайтуу, ушундай окуялардын алдын алуу үчүн ата-энелер менен кеңейтилген жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды. Тараптар ошондой эле коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана билим берүү мекемелеринде видеобайкоо системаларын кеңейтүүнү макулдашты. Айбек Жунушалиев мэрия 2025-жылы борбор калаанын мектептеринде видеобайкоо системаларын орнотуу жана жаңылоо үчүн 160 миллион сом бөлгөнүн белгиледи”,-деп жазылган маалыматта.
Аталган мектепте 69 жаштагы мугалимге 16 жаштагы окуучунун кол көтөргөнү белгилүү болгон. Шаардык милиция тергөөгө чейинки териштирүү башталганын билдирген.
Ага ылайык, 16-февралда саат 11:30 чамасында милициянын 102 номуруна шаардагы мектептердин биринде мугалим менен окуучу чатакташып, кол көтөрүүгө чейин жеткени тууралуу маалымат түшкөн.
«Окуя болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө тобу барган учурда маалымат ырасталды. Текшерүү учурунда мугалим окуучунун үстүнөн чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган. Окуучу медициналык жардам сурап, ооруканага кайрылды. Бул фактыга байланыштуу соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша укуктук баа берилет «, — деп жазылган маалыматта.