• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Министр: Ноокат районуна өзгөчө кырдаал киргизилиши мүмкүн

20 Жалган куран 2020 10:06 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта өкмөттөгү брифингде Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

«Сузак районуна өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Ошондой эле өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менин билдирүүмдөн кийин Ноокатка өзгөчө кырдаал режимин киргизиши мүмкүн», — деп билдирди министр.

Ошондой эле Чолпонбаев өлкөнүн түштүк аймагында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу дагы кошумча 700 орундук уюштурулганын белгиледи.

«Жаӊы орундар Ош эл аралык аэропортунда дагы ачылууда. Бирок адамдардын келүүсү кыйла азайгандыктан, аба майданындагы обсервация ресурстарынын болгону 50% пайдаланып жатат»,-деп кошумчалады Чолпонбаев.

Количество просмотров: 178