Мындан ары окуучулар колдонуучу окуу дептерлери Кыргызстандын өзүндө чыгат. Бул туралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча отчёт берип жатып айтты.
«Мурун жылына 15 млн дептер чет жактардан ташылып келчү. Эми өзүбүздөн улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептерлер өзүбүздөн чыга баштайт. Бул улуттук патриоттук деңгээлди жана улуттук өндүрүштү да көтөрөт», — деди министр.
Мындан тышкары, Иманалиевдин айтымында, быйыл министрлик Кембридж университети менен окуу китептерин басып чыгаруу боюнча меморандумга кол койгон. Документке ылайык, 600 миң окуу китеби басылып, 1-сентябрда пайдаланууга берилет.