Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган мекеменин башчысы Эркин Чечейбаевдин өлкөдө дарыканалардын санын азайтуу керектиги тууралуу айткандарына түшүндүрмө берди.
«Бир катар басылмаларда саламаттык сактоо министринин айткандары контексттен тышкары интерпретацияланган. Маекте максат катары же инструмент катары дарыканаларды жабуу жөнүндө сөз болгон эмес. Анда изилдөөлөр жана эл аралык практика тастыктаган олуттуу маселе талкууланган: жарандардын дары-дармекке байланыштуу чыгымдарынын жогору болушу, өз алдынча дарылануунун кеңири жайылышы жана антибиотиктерди дарыгердин кеңешисиз эле эркин колдонуу. Министр дары-дармек жүгүртүүнү жөнгө салуунун заманбап ыкмаларын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Аларга рецептуралык берүү, дары-дармектин сапатын көзөмөлдөө, агрессивдүү жарнаманы чектөө жана негизсиз дары колдонууга жол бербеген шарттарды түзүү кирет. Мындай чаралар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонулуп, калктын саламаттыгын коргоого жана саламаттык сактоо үчүн глобалдык коркунучтардын бири катары ДССУ тарабынан таанылган антибиотикке туруктуулуктун өсүшүн алдын алууга багытталган.
Бул тармактагы мүмкүн болгон бардык өзгөртүүлөр этап-этабы менен, кылдат талдоо менен, адистердин, фармацевтикалык коомчулуктун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынат. Сунушталып жаткан чаралар керектүү дары-дармекке жетүүнү чектөөгө эмес, дары-дармек рыногунда тартип орнотууга жана бейтаптардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган», — деп жазылат билдирүүдө.
Мунун алдында Эркин Чечейбаев «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кыргызстандыктар дары-дармекке көп каражат короторун, дарыканалардын санын азайтуу, дары-дармектерди жарнамалалоону токтотуу керектигин билдирген.
«Тилекке каршы, кыргызстандыктар өтө көп дары колдонот. Себеби, биз дары менен камсыздоону толугу менен жеке рынокко берип койгонбуз. Жеке сектордун максаты — киреше табуу. Канчалык көп аптека болсо, ошончолук сатуу көп болот. Демек, бейтаптар ошончо көп дары ичет. Муну токтотушубуз керек. Дарыканалардын санын кыскартып, дары-дармекти жарнамалоого тыюу салышыбыз зарыл. Кантип тамеки жана спирт ичимдиктерин жарнамалоого тыюу салсак, дал ошондой эле чараны дарыларга да колдонушубуз керек. Диагноз коюп, дарыны жазып берүү укугу дарыгерге гана таандык болушу керек. Жарнаманын таасиринен улам жарандар өз алдынча туура эмес дары колдонуп, ден соолугуна олуттуу зыян келтирүүдө», — деген министр.