• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Карантиндик аймактагы дарыгерлерге төлөнгөн компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасы айтылды

2 Бугу 2020 12:01 Бишкек Govori.TV

Март айында 34 миллион 963 миң сом медициналык кызматкерлерге төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов билдирди. Маалыматка ылайык, аталган каражат 6 миң 36 медициналык кызматкерге төлөнүп берилген.

Карантиндик-казармалык аймакта, тагыраагы стационарда иштегендер күнүнө төмөндөгүдөй акча алышат:

— Дарыгерлер – 2300 сом;
— Орто медперсонал – 2000 сом;
— Кенже мед жана техперсонал – 1800 сом.

Карантиндик-казармалык аймакта иштеген медкызматкерлер тобокелчилик тобуна кирет, анткени алар ооруну жуктурган бейтаптар менен түздөн-түз иштешишет. Алар түзүлгөн график боюнча эмгектенип, эгерде медкызматкер стационарда 15 күн иштеп чыкса, ал 14 күнгө изоляцияга алынат. Ошондуктан ага обсервацияда жаткан ар бир күнү үчүн 900 сомдон төлөнөт.

График боюнча, суткасына иштегендерге (жумуш күнү бүткөн соӊ, үйүнө кетишет) саатына төлөнөт:

— Дарыгерлер – 100 сом;
— Орто медперсонал – 90 сом;
— Кенже мед жана техперсонал – 80 сом.

Тез жардам кызматында иштегендерге төлөмдөр ар бир бейтапты ооруканага жеткирүүгө жараша чегерилет:

— Дарыгерлер – 600 сом;
— Орто медперсонал – 500 сом;
— Кенже мед жана техперсонал – 400 сом.
Иш убактысына жараша ар бир медкызматкердин төлөмүнүн өлчөмү ар кандай болушу ыктымал.

Количество просмотров: 150