Коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн карантинди жана өзүн-өзү изолляцияга алууну милдеттүү түрдө аткырыш керек. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди.
Анын айтымында, үй карантинге алынган жарандар көчөдө эркин басып, изоляциянын эрежелерин сактабай жатышат.
«Мындай кылганга болбойт! Карантиндин талаптарын аткарбагандарга кылмыш жоопкерчилиги тартыларын унушпашыбыз керек», — деди А.Акматова.