• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Министрлик мектептерде күзгү каникул качан башталарын айтты

24 Тогуздун айы 2023 14:48 Бишкек Govori.TV

Жалпы билим берүү уюмдарында күзгү каникул 2023-жылдын 6-ноябрынан башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, каникул 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, сабактар 13-ноябрдан башталат.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-августунда Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын башталышы жана мектептик каникулдарды өткөрүү графиги жөнүндө” № 4882/1 буйругу чыккан.

Количество просмотров: 2011