Өлкөдө сасык тумоого каршы кезектеги эмдөө иштери эмдөө сентябрь айынын аягынан баштап жүргүзүлөт. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
«Алгачкы кезек 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга, балдарга, өнөкөт оорулары барларга жана медицина кызматкерлерине берилет. Ошондой эле, жеке медициналык борборлору менен №6 жана №8 Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан вакцинаны акы төлөп алууга болот», — деди Акматова.