Кыргызстанда келерки аптада сасык тумоого каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адиси Айнура Мамбеталиева Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 67 миң доза вакцина сатылып алынып, бардык аймактарга жеткирилип жатат.
Жарандар вакцинаны үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан (коомдук эмканаларда) ала алышат.