Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр ташуу план менен жүрүп жатат. Бул туралуу КРнын Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык складда запаста турган көмүрдөн тышкары Бишкек жылуулук электр борборунда 35 вагон Кара-Кеченин көмүрү төгүлүп жатат. Ал эми Казакстан Республикасынан алынып келинген Кара-Жыранын көмүрү 38 вагон төгүлүүдө.
«Аламедин станциясында 60 вагон «Кыргызкөмүр” ишканасынын көмүрү жылуулук электр борборуна киргенге кезекте турат, ЖЧК «Пандж Шер» компаниясынан 4 вагон көмүр келди. Балыкчы станциясында 20 вагон көмүр, даяр жүктөлгөн 20 вагон бар»,-деп айтылат маалыматта.
Министрлик Балыкчыда көмүр жүктөө тынымсыз жүрүп жатканын кошумчалады.