• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Министрлик жеке клиника жайгашкан дагы бир имаратты кайтарып алат

17 Бирдин айы 2022 18:22 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке клиника жайгашкан дагы бир имаратты кайтарып алат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барды. Министр оорукананын жетекчилиги менен жолугушуп, А.Исманкулов атындагы Көз микрохирургиясы клиникасы жайгашкан экинчи корпуста коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар үчүн керебеттерди жайгаштыруу боюнча даярдык иштери менен таанышты.

Министр аталган клиника менен ижара келишимин Бишкек мэриясы бузганын белгилеп, кызыл зонага жакынкы аралыкта керебеттерди өткөрүп берүүнү жана негизги корпустун керебеттерин соматикалык оорулууларды кабыл алуу үчүн даярдоону тапшырды.

Ошондой эле, Алымкадыр Бейшеналиев мэрия №2 клиникалык төрөт үйүнүн имаратында жайгашкан КАМЭК көп профилдүү клиникасы менен ижара келишимин бузганын белгиледи.

Количество просмотров: 3349