• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Минскте башаламандыктар токтой элек

12 Тогуздун айы 2020 10:24 Бишкек Govori.TV

Беларусиянын Минск шаарында 11-октябрь күнү нааразычылык акциясы уланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, күч түзүмдөрү митингчилерге каршы суу чачкыч жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон. Акция учурунда бир нече адам кармалып, милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Эске салсак, 9-августта аталган өлкөдө президенттик шайлоо өтүп, Александр Лукашенко жеңип чыккан. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар нааразычылык акцияларын улантып келет.

Количество просмотров: 120