• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мирбек Асанакунов Раиса Атамбаевага таянып келгенби?

24 Бугу 2018 14:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.05. 2018. Govori.TV
Ушу тапта Өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстан профсоюздар бирлигинин башчысы Мирбек Асанакуновду кызматтан алуу талабы менен 100гө чукул жаран митингге чыкты. Алардын айтымында, аталган жетекчи  бир жарым жыл мурун кызматка келгенден бери бир топ мыйзамсыз иштерди жасап жатат.
“Биринчиден, ал өзү кызматка мыйзамсыз келген. Тагыраагы, ал төрт жыл кайсы бир ишканада иштегендигин эмгек китепчесине жазган. Бирок, ал ишкана төрт мурун эмес, эки жыл мурун эле ачылыптыр. Бул документтин жасалмалоо болуп саналат. Ушул боюнча сотко төрт жолу, эконмикалык кылмыштарга каршы кызматка да көп жолу кайрылдык. Бирок, Асанакуновдун жогору жакта колдоочулары болгондуктан, биздин арыздар каралбай жатат”,-дейт Орунбек Чондоев аттуу жаран.
Ал эми “Кыргызстан” пансионатынын мурдагы директору Венера Майментеева профсоюздар бирлигинин башчысы Мирбек Асанакуновдун жубайы ЖКнын социалдык саясат комитетин жетектеген депутат Гүлкан Молдобекова экендигин айтат. «Андыктан, ал жубайына таянып, профсоюздук уюмга тиешелүү пансионаттарды атайын банкроттук абалга алып келип, сатуунун аракетин көрүшүүдө. Уюмдын алдындагы “Кыргызкурорт” ишканасынын 32 млн. карызын жабуу максатында, ишкананы уставына дал келбесе да аны бөлүм деп кайра түзүп жатышат. Мунун баары мыйзам бузуу. Бирок ал, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага таянып, кызматка койгон адамдарды “Раиса Атамбаеванын кадрды” деп тааныштырып келгенин көп кызматкерлер уккан”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, буга чейин ушундай эле митингдер Акүй алдында да көп ирээт өтүп, бийлик тарабынан реакция болгон эмес.
Количество просмотров: 16