• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мирлан Амантуров, талапкер: “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасын элге тааныштыруу үчүн Тоң районундагы көйгөйдү көрүп чыктым”

28 Аяк оона 2020 10:08 Бишкек Govori.TV

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасын элге тааныштыруу үчүн Тоң районундагы айыл аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдүм. Абдан көп суроолор көтөрүлүп, талаптар коюлду. 

Райондун Темир-Канат, Жер-Үй айыл аймактарында медициналык тейлөөнүн начардыгы, заманбап медициналык каражаттардын, жабдуулардын жоктугу тууралуу маселе козголду. Албетте, пандемия шартында бул ар бир кыргызстандыкты ойлондуруучу маселе. Айылдагы маданият үйүндө иштеген кызматкерлердин маянасынын аздыгы да айтылды. Аймактардагы азык-түлүккө болгон баанын өсүшү, жол маселеси, өлкөнүн тышкы карызы боюнча элдин тынчсызданууларын уктум. 

Райондун Тогуз-Булак айылынын тургундары банктык насыялардын үстөк пайыздарынын абдан жогору экендигин айтышты. Атуулдарыбыз жылдык үстөгү 16-33% га чейин насыя алууга аргасыз. Жергиликтүү элди жайлоо менен байланыштырган жолдун абалы начар болгондуктан атуулдарга бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ал эми врачтык эмгек эксперт комиссиясынан өтүү да элди түйшөлткөн маселе. 

Көлтөр айылындагы суу сактагыч, суу каналдары, жол маселесин чукул арада чечүү керек. Жаштардын ынтымагын бекемдеп, сергек жашоого чакыруу үчүн айылга спорт клубун куруу зарыл. 

Коңур-Өлөң айылында бюрократиялык тоскоолдуктар, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн начардыгы, мамлекеттик каттоо, жарандык актыларды каттоо, аскердик милдетти аркалоо, аскердик билет алууда жарандарыбыз туш болуп жаткан көйгөйлөрдү уктум. 

Банкоматтардын жоктугу да жарандарыбызга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратат. 

Комсомол, Четинди, Алабаш айылдарында эскирген мектепти жаңылоо, окуу китептеринин таңкыстыгы, бала бакчалардын жоктугу, жол маселеси көтөрүлдү. Айрыкча Четинди айылында жолдор дээрлик жарактан чыккан, жаштарга турак-жай үчүн жер берилбейт, мектеп жоктугунан балдар коңшу Алабаш айылындагы мектепке барып окууга аргасыз. Айрыкча кышкы суукта коңшу айылга барып окуп келүү абдан кооптуу. Албетте, 21-кылымда айылга баруучу жолдун асфальт төшөлбөй турганы да чоң көйгөй.

Алабаш айылындагы шайлоочулар жемкорлук, элди ойлобой калган аткаминерлер, шайлоодо гана пайда болуп калган депутаттар тууралуу айтып, моралдык жоопкерчилик маселесин козгоду. 

Туура-Суу айылынан Кара-Талаа айылына чейинки жолго асфальт төшөлбөгөндүгү атуулдарга абдан ыңгайсыздык жаратат. Айылда бала бакча маселеси да чечилген эмес. 

Ал эми Сары-Талаа айылынын эли, депутаттар жана жергиликтүү бийлик аларды унутуп койгонун айтып, таарынычын билдирди. Айылда таза суу маселеси чечилген эмес. Айыл чарба техникаларынын жетишсиздиги, салыктардын көптүгү элди түйшөлтөт. 

Бөкөнбаев айыл аймагында таза суу, сугат суу, жол көйгөйлөрү айтылды.

Жумушсуздук, трансформация маселеси чечилбегендиктен, жаштарга жер берилбей, анын кесепети көптөгөн жаштарды ички миграцияга түртүп жатканы айтылды. Сугат суу тартыштыгынан көптөгөн жерлер иштетилбей жатат. Туризмге шарттар түзүлбөгөндүгү, кароосуз калган спроттук клубдар, азык-түлүк баасы, электр жарыгынын тез-тез өчүрүлүп жатышы да элибизге ыңгайсыздык жараткан маселелер. 

Райондогу дагы бир чоң көйгөй бул таштандыларды чогулта турган полигон. Таштандыны кайра иштетүүчү жана сорттоочу завод куруу зарылдыгы турат.

Мындан тышкары шайлоочулар саны бар, сапаты жок мыйзамдарды жокко чыгарып, элге керектүү, сапаттуу мыйзам чыгаруу талабын койду.

Албетте, элибиз колдоп берсе жолугушууларда көтөрүлгөн көйгөйлөр, элди түйшөлткөн маселелерди чечүүгө болгон аракетибизди, күчүбүздү жумшайбыз. Анткени биздин партиянын программасында ар бир райондун жана ар бир айылдын өнүгүүсүн камсыз кылган жана жыйынтык көрсөтө турган багыттар коюлган. Анда айыл чарба, таза суу, сугат суу, мал чарбасы, жол, инфраструктура, калктын социалдык маселелерин чечүүнүн жолдору каралган. 

Жолугушууларда жергиликтүү калкты биздин партиянын “Сандан сапатка” программасы көбүрөөк кызыктырды. Анткени бул программада 120 депутаттын санын 60 ка кыскартуу, өкмөттөгү кайталанма бийлик бутактарын жоюп, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө сунушталат. 

Шайлоочулар бул сунуштарды талкуулап, “Мекеним Кыргызстанды” өзгөрүүгө кадам таштаган элдик партия экенине ынанып, колдой турганын айтып, ак батасын берип узатышты. Ата-апаларыбыздын батасы менен мен өзүмө чоң жоопкерчилик, иш милдеттерди алып жатканымды жакшы түшүнөм. Ар бир жарандын үнүн угуп, үмүтүн актап, атуулдарга ыңгайлуу жашоо, бакубат мамлекетти куруу биздин партиянын негизги миссиясы. 

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Амантуров.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Количество просмотров: 27